Бишкекте күндүзгү стационарларда 216 медицина кызматкери иштеп жатат

Бишкекте күндүзгү стационарларда 216 медицина кызматкери иштеп жатат.

Мындан тышкары 22 ыктыярчы бар, — деди вице-мэр Азизбек Алымкулов.

Учурда 908 орундуу 13 күндүзгү стационар бейтаптарга кызмат көрсөтүп жатат.

Аларда 22 дарыкана түйүнү жана 114 кычкылтек концентратору бар.

Эмгектенген медицина кызматкерлерине акысыз тамак жана мейманканалар уюштурулган.

Күндүзгү стационарлардын иштөө графиги таңкы саат 8ден кечки 8ге дейре.