Газга тарифтер кайра төмөндөйт.
Макулдашуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен
“Газпром Кыргызстан” компаниянын башкы директору Болот Абилдаевдин
сүйлөшүүлөрүнөн кийин жетишилди. Белгилеп кетсек, буга чейин калк үчүн
газдын бир кубометринин баасы 2 сом 30 тыйынга, бизнес үчүн 2 сом 60 тыйынга
жогорулатылаары маалым болгон. Тарифтердин кымбатташы доллар курсунун
өсүшүнө байланыштырылган. Абилдаев белгилегендей, коронавирустун
жайылышына каршы күрөшүү боюнча абалды эске алуу менен
көгүлтүр от мурдагы баасына кайра кайтарылат.