Биринчи класска дээрлик 29 миң бала катталды. 11-апрелге карата маалымат менен Билим берүү министрлиги бөлүштү. Эң көп Жалал-Абад облусунда каттоого алынды – 5 миң 133 бала, Ошто эң аз – 699. Бишкекте 3 мектепте орун калган жок — №26, №70 жана №29 гимназиялар.
Эске салсак, мектептерге электрондук каттоо 8-апрелде башталды. 2-июнга чейин каттоо юридикалык дарек боюнча жүргүзүлсө, 3-июндан 30-августка чейин балдар анык жашаган жери боюнча каттоого алынат.