Нарын облусунун Жалгыз-Терек айылында таза суу көйгөйү чечилди

Нарындын 1 245 адам жашаган Жалгыз-Терек айылында таза суу үйлөргө чейин киргизилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган айылда таза суу көйгөй жаратып келген. Буга чейин тургундар убакыт-сааты менен иштеген водопроводдон суу алып келишкен.
«Долбоордун алкагында скважина бургуланып, суу топтоочу мунара курулду. Ошондой эле таза суу системасынын инфратүзүмү толугу менен бүткөрүлүп, бардык үйлөргө суу тартылды», — деп айтылат маалыматта.
Салтанаттуу иш-чарада облус жетекчиси Алтынбек Эргешов аталган долбоордун мааниси зор экенин белгилеп, айыл элин таза суу системасын бүлүндүрбөй, сарамжалдуу пайдаланууга чакырган.
Ошондой эле таза суу менен камсыздаган муниципалдык ишканаларга компьютердик жабдуулар, шаймандар, атайын техникалар алып берилгени кошумчаланды.