Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоонун бюллетендерин колго саноо аяктады

Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоонун бюллетендерин колго саноо аяктады. БШКдан билдиришкендей, бардык материалдар аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилди.

 

Кол менен саноонун жыйынтыгында Биринчи май округунда Эльвира Сурабалдиева алдыга чыкса, Свердлов округунда Абдурахманхаджи Муртазалиевге добуш көп берилген.

 

Эске салсак, кайра шайлоого 50 талапкер аттанган. Добуш берүүгө 52 миң шаар тургуну катышты. Ал эми шайлоочулардын жалпы тизмесине 220 миң адам киргизилген.