Кыргызстан мектептери медициналык кабинеттер менен камсыздалат

Кыргызстан мектептери медициналык кабинеттер менен камсыздалат. Саламаттыкты сактоо министрлиги тиешелүү токтом долбоорун министрлер кабинетинде коомдук талкууга чыгарды.

 

Документте жазылгандай, жалпысынан өлкөдө 2 миңден ашык мектеп бар. Алардын 22 пайызында гана атайын кабинеттер жана медициналык персонал бар, калган мектептер үй-бүлөлүк медициналык борборлордо тейленет.