Шайлоого даярдыкты шайлоо комиссияларынын 3 миң 118 мүчөсү ишке ашырат

Парламенттик шайлоого көмөктөшүү боюнча республикалык штаб Бишкекте штабдын көчмө жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Бишкек шаарында 428 599 шайлоочу катталган. 4 округдук шайлоо комиссиясында 228 шайлоо участогу ачылды. Даярдыкты шайлоо комиссияларынын 3118 мүчөсү ишке ашырат.

 

Республикалык штабдын башчысы, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Бишкек шаарынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө шайлоого даярдык көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди койду. Анын ичинде шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз жарык, интернет байланышы, суук мезгилде жылытуу, имараттарды дезинфекциялоочу чараларды көрүү жана башка уюштуруу чаралары бар. Шайлоону уюштурууга мүмкүн болгон бардык жардам менен бирге башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол бербеши керек. Укук коргоо органдары үчүн маанилүү артыкчылыктуу милдети катары Коопсуздук кеңешинин катчысы партиялардын жана талапкерлердин кызыкчылыгында административдик ресурсту мыйзамсыз пайдаланууга жана добуштарды сатып алууга каршы натыйжалуу чаралардын алдын алууну жана көрүүнү белгиледи.