Кыргызстанда доллардын куну 97 сомго жетти

Кыргызстанда доллардын куну 97 сомго жетти. Ушул мүнөттөргө карата коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 94 сомдон сатып алып, кайра 97 сомго сатышууда.

 

Ал эми Улуттук банктын расмий курсу 89 сом 10 тыйын деп орнотулган. Белгилеп кетсек, Украина-Россия ортосундагы куралдуу кагылышуудан улам, дүйнөлүк валюта рыногунда абал туруксуз болууда.