Бишкек абанын булганышы боюнча алдыңкы сапка чыкты

World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө 3-4-январда Бишкек абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты.

Дүйнөдөгү шаарларда абанын сапатын иликтеген уюмдун сайтына 4-январга караган түнү, саат 3тө чыккан маалыматта башкалаадагы абалга кооптуу деген баа берилген.

 

Бул уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкекте аба сапатынын көрсөткүчү (AQI) 525 экени көрсөтүлгөн. Негизи, индекс 300дөн ашса абал өтө кооптуу деп эсептелинет. 50дөн ылдый болгондо гана булганган эмес дегенди түшүндүрөт.

 

Бишкекте акыркы убакта абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды.

Жыл сайын айрыкча кыш мезгилинде абанын булганышы күчөп, башкалааны ыш каптайт.

Буга чейин экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан. Шаардын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр Интернетте тынымсыз жарыяланып турат.

 

Активисттер жана жашоочулар абанын булганышынан ар кандай илдеттер көбөйүп кеткенин да жазып келишет.