Кыргызстанда кийинки жылы дагы эки калкты жана унаа тейлөөчү борборлор ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Жаңы борборлор Исфана шаарында жана Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда пайда болот.
Ал эми унаа тейлөөчү түйүндөр Бишкек, Талас, Кара-Балта жана Каракол шаарларында жайгашат. Учурда республика боюнча 25 калк тейлөөчү жана 1 унаа тейлөөчү борбор бар.