“Электрондук билеттештирүү” долбоорунун сыноо режими кийинки жылдын март айына чейин уланат

“Электрондук билеттештирүү” долбоорунун сыноо режими кийинки жылдын март айына чейин уланат. Бул тууралуу novosti.kgге программанын координатору Арсен Кондахчан билдирди. Анын айтымында, бул убакыт аралыгында адистер валидаторлорду текшерип, алардын карталарды туура окуп жатканы көзөмөлгө алынат.

 

Белгилеп кетсек, жумушчу долбоор мезгилинде жарандар жол кирени карта аркылуу дагы, накталай дагы төлөй берет.