Бишкек — Балыкчы — Бишкек багыты боюнча поезд эми күн сайын каттайт.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, каалоочулар үчүн эки шаар ортосундагы темир жол каттамы 19-июлдан тарта 31-июлга күн сайын аткарылат.
Дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин беш вагон, жумадан жекшембиге чейин тогуз вагон жүрөт. Жол кире чоңдор үчүн 69 сом, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 34 сом, ал эми беш жашка чейинкилер акысыз жүрө алат.