Сузак районунда эскирген электр мамычаларын алмаштыруу иштери жүрүүдө.
Бул тууралуу “Жалалабатэлектр” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузак районундагы Боз-Чычкан айылында жарактуу мөөнөтү бүткөн кубаттуулугу 10кВ болгон жыгач мамычалар жаңы бетон электр мамычаларына алмаштырылып жатат.
Жасалып жаткан жумуштар CASA-1000 долбоорунун алкагында ишке ашууда.
Белгилеп кетсек, Боз-Чычкан айылындагы жыгач мамычалар 1968-жылы курулган.