Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү асфальтталат

Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү асфальтталат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев билдирди.

Министр белгилегендей, жалпы жонунан 3 чакырым 800 метр жол оңдолот.

 

Жолду асфальттоо иштери жакынкы күндөрү башталып, июль айына чейин аяктайт.

Жолду асфальттоо иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен аткарылууда.