Ош шаарынын ХБК кичи районунда мыйзамсыз обьектилерди бузуу иштери уланууда

Ош шаарынын ХБК кичи районунда мыйзамсыз обьектилерди бузуу иштери уланууда.

 

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда тротуарларга жеңил конструкция менен курулган жана каналдардын үстүнө орнотулган курулуштар, жөө жүргүнчүлөрдүн басуусуна тоскоолдук жараткан обьектилер алынып салынууда.

 

Белгилеп кетсек, обьектилердин ээлери мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштеринде Муниципалдык менчик башкармалыгынын атайын жумушчу топторуна көмөк көрсөтүүдө.