Бишкектеги кайра шайлоого талапкерлердин эсебине 22 миллион 915 миң сом түштү

Ордо калаадагы кайра шайлоого талапкерлердин эсебине 22 миллион 915 миң сом түштү.

 

БШКнын маалыматына ылайык, шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга талапкерлердин шайлоо фонддорунан 16 миллион 942 миң сом сарпталды.

 

Белгилеп кетсек, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн жана сарпталган каражаттардын максималдуу өлчөмү 10 миллион сомдон ашпоого тийиш.

 

Кайра шайлоого 51 талапкер катышууда: Биринчи Май шайлоо округу боюнча 26, Свердлов шайлоо округу боюнча 25 талапкер.