Бишкек комендатурасы жолугушуу, митинг, көчө жүрүштөрү жана башка коомдук иш-чараларга тыюу салды.
Комендатуранын маалыматына караганда, алкоголдук ичимдиктерди саат 18:00дөн 09:00гө чейин сатууга тыюу салынат.
Эгерде аудио жана видео жабдууларын кырдаалды курчутуу үчүн колдонулса, анда ага да тыюу салынат.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте коменданттык сааттын убактысы 21:00дөн эртең мененки саат 05:00гө чейин уланары айтылган.
Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда Бишкек аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.