Өзгөчө абал учурунда иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акы төлөө үчүн 446 миллион сом керектелет

Өзгөчө абал учурунда иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акы төлөө үчүн 446 миллион сом керектелет.

Бул тууралуу Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди. Анын айтымында, кошумча акчалар уруксат

кагаздары бүтөрү менен төлөнө баштайт. Мыйзамга ылайык, казармалык шартта кызматын өтөгөндөрдүн

маянасына дагы бир айлыкка тең сумма кошулуп берилиши керек. Учурда өзгөчө кырдаал жана өзгөчө

абал шарттарында иштеген аскер жана милиция кызматкерлеринин саны айтыла элек.