«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыптарды төлөбөгөн 30 миң ишти сот органдары карап жатат

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыптарды төлөбөгөн 30 миң ишти сот органдары карап жатат.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдиргендей, долбоор ишке киргенден

тартып жалпысынан 2 миллиондон ашык айып салынды. Анын 65 пайызы төлөндү жана алардын суммасы

1,5 миллиард сомду түздү. Ошондой эле 200 миңден ашык айып кагаздары ээси табылбагандыктан артка кайтарылды.

Аларды аныктоо иштери жүрүүдө, өз ыктыяры менен төлөбөгөндөргө мыйзам чегине сот аркылуу чара көрүлүп жатат.

Эске салсак, «Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылдын март айында иштеп баштаган