Бишкек-Корумду унаа жолун калыбына келтирүү 2023-жылы аяктайт

Бишкек-Корумду унаа жолун калыбына келтирүү 2023-жылы аяктайт.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Эркинбек Осоев билдирди.

Чиновник белгилегендей, туристтик сезондо жолду реконструкциялоо асфальт төшөөдөгү белгилүү бир климаттык шарттарды талап кылган өзгөчөлүктөр менен байланыштуу.

Мындан тышкары, долбоорду каржылоо жай мезгилине туура келгени айтылды.