Күйүп кеткен Генпрокуратуранын мурдагы имаратына Бишкек депутаттары жайгашат

Күйүп кеткен Генпрокуратуранын мурдагы имаратына Бишкек депутаттары жайгашат. Бул тууралуу 24 агенттигине ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

 

Анын айтымында, имаратты калыбына келтирүүгө тендер жарыяланат. Анда депутаттардан тышкары, айрым муниципалдык ишканаларды жайгаштыруу пландалууда. Эске салсак, Бишкектин борборунда орун алган Генералдык прокуратуранын имараты 2010-жылдагы апрель окуяларында күйүп кеткен.