1-июлдан тарта электрондук эсеп-фактураларды алуу милдеттүү болот. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, жаңычылдык салык төлөөчүлөргө, импорт жана экспорт ташуучуларга тиешелүү.
Аларга электрондук эсеп-фактураларга өтүүгө даярдануу жана бухгалтердик системаларды даярдоо тапшырмасы берилди. Бардык керектүү маалымат Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтында жарыяланды.