Бишкек мэриясы Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата майрамдык программа даярдады. Бүгүн Ала-Тоо аянтында Биринчи балалык фестивалы өтөт. Балдар үчүн тамак-аш аянттары жана оюнчу жарманкелери уюштурулат.
Бардык катышуучуларды этно оюндар, турнирлер, чеберчилик-класстар жана ар кандай сынактар күтөт. Майрамдык иш-чаралар ордо калаанын башка райондорунда дагы өтөт.