Бишкекте биринчи үй шартындагы бала бакча ачылды

????????????????????????????????????

Бишкекте биринчи үй шартындагы бала бакча ачылды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн, Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата дагы 2 бакчанын ачылышы пландалды.

 

Ведомстводон кошумчалашкандай, мындай типтеги мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачууну каалагандардан атайын окутууга арыздарды кабыл алуу уланууда.

 

Белгилеп кетсек, программа мектепке чейинки билим берүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу, аны жеткиликтүү кылуу жана ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүү максатында иштелип чыккан.