Бишкекте Лев Толстой көчөсүн оңдоо иштери дагы эле жандана элек

Бишкекте Лев Толстой көчөсүн оңдоо иштери дагы эле жандана элек. Бизге Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, жумуштардын кечеңдеши кытайлык адистерди өлкөгө алып келүүдө кыйынчылыктар жаралганына байланыштуу.

 

Эске салсак, Лев Толстой көчөсү өткөн жылы ремонттолуп, анын   2 чакырымга жетпеген Достоевский – 7-апрель көчөлөрүн камтыган тилкеси гана калган. Трассаны колдонууга ушул жайда ачуу пландалып жаткан болчу.