Жалал-Абад шаарына Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу үй курулат.
Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, долбоор үчүн шаардагы
Көк-Арт кичи районунан 21 сотых муниципалдык жер бөлүнүп берилет. Шаардык кеңештин
депутаттары демилгени бир добуштан колдоп берди. Батирлер бюджеттик мекемеде
эмгектенгендерге 4 пайыз менен, башка жарандарга 8 пайыз менен 25 жылга
ипотекалык насыя аркылуу жеткиликтүү болот