Бишкек мэриясы кар жааган учурда трассаларга кумдун ордуна туз себиле турганын түшүндүрдү

Бишкек мэриясы кар жааган учурда трассаларга кумдун ордуна

туз себиле турганын түшүндүрдү. Муниципалитеттин маалыматына караганда,

кумдан кийин абага чаң тарап, жердин ылай болушуна алып келет.

Бул жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, аллергияга чалдыктырат.

Ал эми туз музду жакшы эритет. Ошондой эле адамдын ден соолугуна зыян эмес.

Аны туура өлчөмдө колдонсо унааларга зыяны азыраак болот, — дешти муниципалитеттен.