Бишкекте вакансиялардын жарманкеси өтөт

Бишкекте вакансиялардын жарманкеси өтөт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматында,

ал эртең саат түшкү 1де Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтөт.

Кайрылгандар вакансияларды караштырып, жумуш берүүчүлөр менен

пикир алыша алат. Ошондой эле резюме жазганды жана

ишке кирүүдө маектешүүдөн өткөндү үйрөнүшөт.