Кыргызстанда автогаздын наркы жогорулашы ыктымал

Кыргызстанда автогаздын наркы жогорулашы ыктымал.

novosti.kgге Мунай ташуучулар ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдиргендей,

өлкөдөгү отундун баасы Казакстандагы заводдордун наркына көз каранды.

Эгерде кийинки айларда коңшу өлкөнүн заводдору бааны көтөрсө бизде да жогорулайт.

Эске салсак, акыркы күндөрү айдоочулар май куйуучу жайларда автогаздын түгөнүп калганын айтышууда.

Жетишсиздиктин айынан отундун баасы 3 сомго жогорулады. Учурда жеткирүүлөр боюнча маселе чечилди,

бирок баа төмөндөбөй ошол бойдон калат.