10-майда айрым керектөөчүлөр жарыксыз калат.
Кеп, электр энергиясына карызы бар абоненттер тууралуу болуп жатат.
Novosti.kgге “Түндүк электрден” билдиришкендей, ушул дүйшөмбүдө
6 миң колдонуучунун жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Андан улам,
жарандарга карыздарды өз убагында төлөө сунушталат. Төлөмдөрдү
банк, почта бөлүмдөрү, терминал жана электрондук капчык аркылуу жүргүзсө болот.