Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу бар.
Кыргызгидрометтен билдиришкендей, 7-майга чейин температуранын
жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу
Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарындагы тоолуу
райондордо сел жүрүшү күтүлөт. Андан улам, жарандарга этият болуу сунушталат.