Бишкек мэриясынын кызматкерлери тойлорго барса, иштен алынат

Бишкек мэриясынын кызматкерлери тойлорго барса, иштен алынат. Чиновниктердин бири той-аштарда байкалса, жумуштан кетүү арызын жаза берсе болот, — деди  мэрдин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев.

 

Ал белгилегендей, жүздөгөн кишини кабыл алып жаткан тойканаларда вирусту жуктуруп алуу оңой. Ал эми кинотеатр жана фудкортторду ача берсе болот, — деген пикирде Түлөбаев. Бирок албетте, бардык санитардык талаптарды аткаруу керек.