Баткенде жүргөн үшүк дээрлик жарым миллиард сомго зыян алып келди. Өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 9-10-апрелде жааган кардын айынан облус боюнча 1 миң 971 гектар аянттагы өрүк, алма, шабдалы жана башка мөмөлүү дарактар жараксыз болду.
Жалпы чыгым 480 миллион сомго бааланууда. Аны эсептөөгө атайын комиссия түзүлгөн болчу.