Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу 7-июндан 11ине чейин жабылат.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан
билдиришкендей, трассанын 132-чакырымында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Андан улам, жол саат 9дан 3кө чейин жабык болот. Айдоочуларга
каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.