Ордо калаада троллейбустар жумасына эки ирет санитардык талаптарга карата текшерилет.
124 троллейбус текшерилип, андагы жүргүнчүлөрдүн дээрлик көпчүлүгү санитардык режимди сактабай,
бет кабы жок жүргөнү аныкталды, — дешти троллейбус башкармалыгынан. Пандемия шартында
санитардык эрежелерди бузгандарга алгач эскертүү берилет, экинчи ирет кайталанса
Эреже бузуулар кодекси боюнча административдик протокол түзүлүп, айып салынат.