Кытайдан дагы гуманитардык жардам келди.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей,
чартердик каттам менен 100 миң ПЦР-тест, 30 миң медициналык көз айнек,
30 миң N95 үлгүсүндөгү бет кап, 150 миң медициналык бет кап жана
1 миң термометр жеткирилди. Эске салсак, буга чейин Кытайдан
биздин өлкөгө бир нече ирет гуманитардык жардам келген.