Бишкектеги Кокчетавский көчөсү 1-июнда пайдаланууга берилет.
Бул тууралуу вице-мэр Мирлан Амантуров билдирди. Анын айтымында,
жакынкы күндөрү асфальттын экинчи катмары төшөлөт. Вице-мэр белгилегендей,
тилке 10 жылга чейин жарактуу болот. Курулуштун жалпы суммасы 18 миллион сомду түздү.