Бишкек-Ош жолу кыймылга ачык

Бишкек-Ош жолу кыймылга ачык. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Ала-Бел, Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында жолчулар иштеп, карды тынбай тазалап жатат.

 

Инерттүү материал дагы себилүүдө. Алыскы сапарга чыккан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, ылдамдыкты жогорулатпай жана унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактап жүрүү сунушталат.