Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 129-чакырымында 30-майдан 3-июнга чейин таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
«Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалыматына ылайык, иштер эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин уланат.
Белгиленгендей, жолду тазалоодо 30-40тан ашык унаа топтолсо таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.
Мындай жумуштар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында уюштурулат.