Баткен облусундагы Исфана шаары Раззаков деп өзгөртүлөт

Баткен облусундагы Исфана шаары Раззаков деп өзгөртүлөт. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин профилдик комитети 3 окууда жактырды. Буга чейин жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

 

Бул демилге Исфана шаарынын тургундары, шаардык кеңеш депутаттары жана Лейлек райондук администрациясы тарабынан дагы колдоо тапкан.

 

Белгилеп кетсек, Исхак Раззаков 1945-61-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы жана Кыргыз компартиясынын биринчи катчысы  болуп эмгектенген. 2010-жылы ага “Кыргыз Республикасынын баатыры” наамы тапшырылды.