Бишкек – Ош – Бишкек аба каттамы ишин жандантты

Бишкек – Ош – Бишкек аба каттамы ишин жандантты.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган каттам боюнча бүгүн, алгачкы 208 жүргүнчү тейленди.

Иштелип чыккан алгоритмге ылайык, бардык жарандар аба майданга кирерде

автоматташтырылган термометриядан жана дезинфекциялоочу тоннелдерден өтөт.

Ошондой эле учуу имараттарында социалдык аралыкты сактоо боюнча белгилер бар.

Жүргүнчүлөр билеттерди сатып алуу үчүн авиакомпанияларга бир күн мурда кайрылышы зарыл.