Кыргызстанда президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши түзүлдү

Кыргызстанда президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши түзүлдү.

 

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду, — дешти өлкө башчынын маалымат кызматынан. Кеңешти түзүүнүн негизги максаты — коррупцияга каршы иштөө маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу кызматташууну камсыздоо.

 

Ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилердин ишин коргоо. Эске салсак, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы өткөн жумада жоюлган.