Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 3 тур менен уюштурулат.
Быйылкы кабыл алуу онлайн түрүндө, аралыктан өткөрүлөт, — деди
билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров. Анын айтымында,
20-22-июлда 1-тур, 27-июлдан 29уна чейин 2-тур жана 3-августтан 5ине чейин – 3-тур болот.
Тапшыруунун алгачкы 3 күнүндө абитуриенттер талондорун каттоодон өткөрүшү керек.
Кошумчаласак, ЖРТ сертификаттарында жалпы 6 талон болот. Ар бир турга 2ден талон туура келет.
Анын бири – бюджеттик орунга, экинчиси – келишимдик негизде тапшыруу үчүн.