Былтыр 707 миң кыргызстандык насыя алган.
Муну менен жарандарга каржы мекемелеринен 31 миллиард 100 миллион сом насыя
берилди, — деп билдирди статистика комитетинин бөлүм башчысы Чолпон Касымова.
Анын айтымында, 2019-жылга салыштырмалуу карыз алгандардын саны 13 пайызга жана
берилген каражаттын көлөмү 3 пайызга көбөйдү. Насыя алгандардын көбү Ош, Жалал-Абад,
Чүй облустарына жана Бишкекке туура келет. Акчалар айыл-чарба иштерине,
соода жана коомдук тамактанууга жана курулушка багытталган.