Бишкек-Ош унаа жолундагы Көлбаев туннелинде жарык системасы оңдолду

Бишкек-Ош унаа жолундагы Көлбаев туннелинде жарык системасы оңдолду. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, иштер машинелер өтүүдө коопсуздук үчүн жасалды.

 

Ошондой эле, жолчулар жашаган имараттар оңдоп-түзөөдөн өттү. Аларда электр зымдары алмаштырылып, жаңы эмеректер жеткирилди. Эске салсак, туннель трассанын 129-чакырымында жайгашат.