Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең Бишкек — Ош, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка, Ош — Сары-Таш — Иркештам жана Каракол — Эңилчек унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.

 

Аталган багыттар менен сапарга чыккан айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.