Өкмөт коронавирус жугузган жана андан каза тапкан медицина кызматкерлерине берилчү компенсациянын суммасын кайра карап чыгат

Өкмөт коронавирус жугузган жана андан каза тапкан медицина кызматкерлерине берилчү компенсациянын суммасын кайра карап чыгат. Бул тууралуу “Азаттык” вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиевага шилтеме келтирип билдирет.

 

Маалыматка ылайык, парламент кабыл алган мыйзамга ылайык, компенсациянын көлөмү өзгөртүлөт. Ошондо өкмөт каражатты бардыгына бере алат.

 

Азырынча компенсация кандай тартипте өзгөртүлөт, белгисиз. Эске салсак, буга чейин иш учурунда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон, ал эми каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон берилип келген.