Жаан-чачындан улам Бишкек – Ош трассасында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Жаан-чачындан улам Бишкек – Ош трассасында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди.

Бул тууралуу novosti.kgге Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Мындай чара жол кырсыктарын алдын алуу максатында киргизилди жана ал аба-ырайы турукташканга чейин сакталат.

Милициядан белгилешкендей, тоолуу аймактардагы трассаларга айдоочулар муктаждыкка карап чыгышы зарыл.

Андан тышкары, жайкы шиналарды кышкыга алмаштырып, унаада тайгакка каршы чынжыр болушу керек.