Сеул шаарындагы кафе кардарларына жаңы жылдык атмосфераны өзгөчө ыкма менен тартуулай баштады

Сеул шаарындагы кафе кардарларына жаңы жылдык атмосфераны өзгөчө ыкма менен тартуулай баштады. Быйыл конокторду бул кафеде санта клаустун кийимин кийген мышыктар тосуп алууда.

 

Майрамга карата, аларды кардарлар колдоруна алып, тамагы менен бөлүшсө дагы болот. Учурда тамактануучу жайда 130дай мышык жашап, иштеп жатат. Алардын көбү буга чейин үй-жайсыз болчу.