Бишкек-Ош жолу менен сапарга чыккан айдоочулардын унааларында сөзсүз кышкы дөңгөлөктөр болушу керек

Бишкек-Ош жолу менен сапарга чыккан айдоочулардын унааларында сөзсүз кышкы дөңгөлөктөр болушу керек. Мындай эскертүүнү Унаа жана жолдор министрлигинен беришти.

 

Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларына калың кар жаап, шамал болуп жатат. Адистер жолду тынбай тазалоодо. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы унаалар ортосунда аралыкты сактап, ылдамдыкты ашырбоого чакырды.